Самидинов: Turkish Airlines Asman Airlines менен кызматташууга даяр

Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов Стамбул шаарында Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экши менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Самадинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө түрк тарап Кыргызстандын Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Turkish Airlines “Манас” эл аралык аэропортунда техникалык конуу менен аткарылуучу каттамдарды кошо алганда, жүк жана жүргүнчү ташуучу каттамдардын санын көбөйтүү ниетин тастыктады.

“Билал Экши расмий кайрылууну кабыл алып, Кыргызстан менен кызматташуунун жогорку маанисин белгилеп, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде, биз аны 2026-жылдын жай айларына пландалган «Манас» эл аралык аэропортунун жаңыланган аэробекет комплексинин ачылыш аземине катышууга чакырдык”, – деп жазган ал.

Связанный пост