Салыктык көзөмөл толук санариптештирилип, инспекторлордун штаты кыскартылат
Келерки жылдын май айында эле инспекторлордун штатын кыскартуу башталат, анткени контролдоо функциялары KEZET системасына өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат.
“Азыр бизде 3 миң 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин бул сан миң кызматкерге кыскарат. Мындай масштабдуу кыскартуу контролдун азайышына алып келбейт. Тескерисинче, бул кыйла натыйжалуу жана коррупциясыз тутумга карай кадам. Инспектордун ордуна так, ачык-айкын жана эч кандай кийлигишүү мүмкүнчүлүгүсүз иштей турган санариптик модуль киргизилет”, – деди ал.
Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси реформалоонун жыйынтыгында Салык кызматы иштеги жазалоочу моделден толугу менен кетип, бизнес жана жарандар үчүн толук кандуу сервиске айланышына умтуларын белгилели.
“Анткени мамлекеттин башкы милдети – айып салуу эмес, ишкерлерге өз милдеттенмелерин жөнөкөй, ачык-айкын жана ашыкча чыгымдарсыз аткарууга жардам берүү. Бул үчүн салык төлөөчү өзүн кысымга алынган объект эмес, өнөктөш катары сезиши үчүн Салык кызматы ыңгайлуу санариптик инструменттерди, түшүнүктүү эрежелерди, консультацияларды жана колдоону өз убагында камсыздашы керек. Мындай кадам ишенимди арттырып, салыктарды ыктыярдуу төлөөгө түрткү берип, туруктуу жана бекем экономикалык чөйрөнү түзөт.
Бардык реформаларыбыз бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берүүнү эске алуу менен жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык жеңилдетилген жана ыңгайлуу шарттар бар. Бул бизнести баштоо, аны каттоо жана салык жол-жоболоруна тиешелүү”, – деди ал.