Салык кызматынын төрагасы Ошто акциздик маркаларды текшерди
Бүгүн Ош шаарында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чара өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты.
Рейддин жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарынын жаңы базарындагы соода катарларын кыдырып, сатуучу жайларды көрүп чыкты жана товарлардын ассортименти менен таанышып, акциздик маркалардын мыйзамга ылайык колдонулушуна өзгөчө көңүл бурду.
Салык кызматынын төрагасы алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө жана жасалма экенин аныктоого өзгөчө көңүл буруп, акциздик продукция салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калктын ден соолугун сапатсыз продукциялардан коргой турганын баса белгиледи.
“Салык кызматы импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик маркалары бар продукциялардын колдонулушун тыкыр көзөмөлдөйт. Мунун натыйжасында салык түшүүлөр жыл сайын өсүп жатат”, — деди Шыкмаматов.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында базарда акциздик маркаларга байланыштуу салык мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Айрым кант кошулган суусундуктарда акциздик маркалар жок болгон. Мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлдү.
Рейддик кыдыруунун жүрүшүндө шаар ичиндеги соода түйүнүндөрүнүн биринде дүң сатылган суусундуктардын акциздик маркалары белгиленген талаптарга туура келбеген учурлар катталды. Мыйзам бузуулардын натыйжасында продукция жүгүртүүдөн алынды.
Эске салсак, Салык кызматы өлкө аймактарында ири соода түйүндөрүндө акциздик продукцияны маркалоо боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.
Максаты – элдин бул маселеге көңүлүн буруу жана ишкерлерге акциздик маркаларды колдонуу маанилүү экенин түшүндүрүү болуп саналат.