Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек Каныбекович ээлеген кызмат ордунан тергөө мезгилине убактылуу четтетилди.
Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башчысы Кыдыров Кыдыкбек Догдурбековичке Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.