Салык кызматынын салыктык кирешеси 211,9 млрд сомду түздү

 Салык кызматынын салыктык кирешеси 211,9 млрд сомду түздү

Январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешеси 211,9 млрд сомду түздү, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 9 айда мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу аппараттык кеңешменин жүрүшүндө.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын айтымында, коюлган план 9 млрд 192,2 млн сомго же 104,5 пайызга ашыгы менен аткарылган.

Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 млрд 901 млн сомду түздү. Бул пландаштырылган көрсөткүчтөн 23 млрд 810,7 млн сомго көп — план 103,4 пайызга аткарылган.

“Салыктык кирешелердин бардык негизги категориялары боюнча туруктуу өсүү жана пландык көрсөткүчтөрдөн ашыгы менен аткарылышы байкалууда. Эми мындай темпти сактап гана калбастан, мындан ары да күчөтүү зарыл”, — деди Адылбек Касымалиев.

Связанный пост