Салык кызматынын лотереясынын байгелерин ойнотууга бир айдан аз убакыт калды

 Салык кызматынын лотереясынын байгелерин ойнотууга бир айдан аз убакыт калды

Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эскертет. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат.

Лотереянын 1-турунун байге фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка баалуу байгелер бар.

Лотереяга катышуу үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу керек:

 “Салык чек” тиркемесин жүктөпкаттоодон өтүү. Буга чейин колдонгон болсоңуз, тиркемени жаңыртып алуу зарыл;

 товар же кызматтарды сатып алууда фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылуу;

 кассалык чектин QR-кодун тиркеме аркылуу сканерлөө керек.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө лотереяга 218 миң жаран катышууда. “Салык чек” тиркемеси аркылуу 3,9 млрд сом суммасындагы кассалык чектер сканерден өткөрүлүп, утуштарга катышуу үчүн 3,8 млн ашык ID-билеттер берилген.

Связанный пост