Салык кызматында экспорттоочулар менен жолугушуу өттү
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков товарларды экспорттоо маселелери боюнча экспорттоочулар жана кайра экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушуунун максаты ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоо жана кайра экспорттоо менен алектенген ишкерлерди колдоо болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди тариздөө, шайкештик сертификаттарын алуу, товардын коштомо документтерин, анын ичинде электрондук эсеп-фактура жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн башка аспектилерин туура жүргүзүү боюнча сунуштар берилди. Экспорттоочулар үчүн кошумча шарттарды түзүүгө, окутуучу видеоматериалдарды даярдоого жана кийинки окутуу иш-чараларын уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууга ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү, Экономика жана коммерция министрлиги, Бажы кызматы, Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө ишкерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышып, экспорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын беришти.
«Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бүгүнкү күндө бизнес жүргүзүүнүн мыйзамдуу жана ачык-айкын шарттарын камсыздоого багытталган көптөгөн чечимдер кабыл алынууда. Бул жалпы талап, жана биз өзүбүз тараптан улуттук экономиканын кызыкчылыгында иш алып барып жатабыз», — деп белгиледи Кубанычбек Ысабеков.