Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн издөөдө: 46 адам байланышсыз болууда

 Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн издөөдө: 46 адам байланышсыз болууда

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу процессин аяктап жатат.

 

Бирок, лотереянын уюштуруучулары айрым жеңүүчүлөр менен байланышууга аракет кылып жатканда бир аз кыйынчылыктарга туш болушкан. 1132 бактылуу адамдын 46сы жеткиликсиз бойдон калууда. Негизги себептери – телефондору өчүрүлгөн же номерлери жараксыз (“Салык чек” тиркемесинде каттоодо туура эмес көрсөтүлгөн).

 

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

 

iPhone 14:

 

Рашит уулу Темирлан, Миржан Балыбаев, Үмүткөр Токтогожоева, Ферузахон Колмуратова, Лира Кучукбаева, Гүлзада Мамбеталиева, Маматжусуп Разыков, Мелисбек Токонов, Ахматали Халбеков, Алия Шамсутдинова, Мээрим Истамова, Руслан Мурсабеков, Бүүжан Салиева, Нургазы Тойчубеков, Карим Юнусов.

 

Смартфон:

 

Акылбек уулу Үсөн, Бактыгүл Базарбаева, Эмиль Закиров, Бекнур Нарматов, Айдарбек кызы Алтынай, Эрнис Ибраев, Динара Рысбекова, Мадина Салиева, Бегаалы Чикетаев, Мырзайым Абдулкадырова, Аида Акматалиева, Асанбек кызы Нурзада, Ырысбек Ашимов, Нуризат Биймырзаева, Зебинисо Камалова, Жанарбек Мамыров, Зухра Рахмонбердиева Жамиля Сагынбекова, Нурдин Наралиев, Мукай Раимканов, Адинай Султангазиева, Бакытбек Термечиков, Андрей Балабанов.

 

Ноутбук:

 

Бекжан Турумкулов, Супибек кызы Сабина, Турдугул уулу Эрмек, Аскар Алымкулов, Давлатгуль Ибраева, Айсулуу Расулова, Аида Жуматаева, Мопохон Раимова.

 

Салык кызматы жогоруда аталган жеңүүчүлөрдү лотерея уюштуруучулары менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат: (0500)48-79-62, (0990)09-20-42, (0221)80-44-86.

 

Белгилей кетсек, эгер жеңүүчүлөр 1-ноябрга чейин байланышпаса, алардын утуштары жокко чыгарылып, байгелер утуштун кийиики этабына өтөт.

 

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө байгелер сертификаттарды тапшыруу процесси аяктагандан кийин 3 айдын ичинде тапшырылат.

 

Эскерте кетсек, 25-30-декабрь күндөрү лотереянын экинчи этабы өтөт, анын алкагында Бишкекте 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

 

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

 

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына жигердүү катышууга чакырат.

 

Лотерея – бул жөн гана утуш эмес, бул салык милдеттенмелерин сактоону камсыз кылууга жигердүү таасир этип, жоопкерчилик жана жигердүүлүк үчүн татыктуу сыйлык алуу мүмкүнчүлүгү.

Связанный пост