Салык кызматы көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүүдө

 Салык кызматы көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүүдө

Мамлекеттик салык кызматы көмүскө экономикага жана жалган ишкердикке каршы күрөшүү үчүн салыктык текшерүүлөр чөйрөсүндө заманбап санариптик чечимдерди колдонууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, эл аралык тажрыйбанын негизинде пландуу жана камералык текшерүүлөргө жаңы ыкма киргизилди. Бүгүнкү күндө санариптик маалыматтардын аналитикасы активдүү колдонулат. Салыктык отчетту санариптештирүүнү жакшыртуу менен салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү ыкмаларын кескин өзгөртүүгө мүмкүн болду.

Ири маалыматтык технологияларды колдонуу текшерүү чыгымдарын азайтат, ал эми булуттук системалар тобокелдик компанияларын аныктоого жардам берет. Санариптик чечимдер киргизилгенден бери үч айда 1 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Кошумча эсептөөлөрдүн негизги бөлүгү салыктан качуу схемаларын колдонгон ишкерлерге туура келди. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун белгилегендей, кызматтын негизги артыкчылыгы ири компаниялардын салык төлөөдөн качуу схемаларын аныктоо жана санариптештирүүнүн аркасында пландык текшерүүлөрдүн санын кыскартуу болуп саналат.

“Эгерде биздин системалар аномалдуу көрсөткүчтөрдү же маалыматтардын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктаса, мисалы, товарларды импорттоодо жана сатууда, мындай ишкана текшерүү объектиси болуп калат. Бардык маалыматтар дал келген учурда бизнести ашыкча тынчсыздандыруу болбойт”, – деп билдирди Салык кызматыны төрагасы.

Буга чейин маалыматтарды талдоонун жүрүшүндө Салык кызматынынын кызматкерлери көмүскө схемаларды колдонгон бир катар компанияларды аныкташкан. Ошол эле учурда алардын ишкердигин салык кызматынын айрым кызматкерлери жашырып келишкен. Мындай учур боюнча УКМКнын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу райондук Салык кызматынын башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалган.

Ошентип, жасалма жактарга катталган “бир күндүк” фирмалар аркылуу жок товарларга эсеп-фактуралар таризделген. Ошондой эле, эсепке алынбаган продукцияны мыйзамдаштыруу схемасы аныкталган: Ак ниетсиз салык төлөөчүлөр тез бузулуучу продукцияны импорттоп, кийинчерээк алардын ордуна курулуш материалдарын сатууга шектүү эсеп-фактуралар пайда болгон.

“500дөн ашуун контрагент, уюм катышкан 135 уюм боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмалары берилди. Ушул эле учурлар боюнча келтирилген зыяндын суммасы 2 млрд сомдон ашат”, – деп билдирди Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Жээнбеков.

Жарандарга маалымат берүү жана маселеге көңүл буруу үчүн Салык кызматы Айсалык (Aisalyk) ютуб каналындагы программаны ишке киргизди. Анда ири масштабда салык салуудан качуу схемалары үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турат.

Биринчи чыгарылышта аныкталган схемаларга байланыштуу учурлар каралат.

Салык кызматы коомчулуктун колдоосуна ишенет жана жарандарды так болууга чакырат. Мындай видеороликтер бизнестин ачык жана адилеттүү атаандаштык шартында иштөөсүнө жардам берет.

Связанный пост