Салык кызматы импорттоочуларга товарларды ташып кирүү жөнүндө арыздар боюнча чечимди онлайн бере баштады

 Салык кызматы импорттоочуларга товарларды ташып кирүү жөнүндө арыздар боюнча чечимди онлайн бере баштады

Мамлекеттик салык кызматы товарларды ташып кирүү жөнүндө арыздар жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо кыйыр салыктарды төлөө боюнча чечим чыгаруу жана берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрдү.

Эми импорттоочулар салык органынын чечимин “жеке салык кабинети” аркылуу онлайн режиминде ала алышат.

Буга чейин товарларды импорттоо жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды электрондук түрдө тапшырган импорттоочулар чечимди кагаз түрүндө алып келишкен.

Арызды түзүү үчүн Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынан  “Кызматтар” бөлүмүнө өтүү зарыл. “Электрондук жардамчылар жана калькуляторлор” бөлүмүндө “товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды түзүү боюнча электрондук жардамчы” баскычын басып, арызды XML форматта түзүп, жүктөп алуу керек.

Арызды Cabinet.salyk.kg “жеке кабинеттен” түзүп жана жүктөгөндөн кийин “МСК менен кат алышуу” бөлүмүнөн “Электрондук арыздар журналы” бөлүмчөсүн тандоо керек. XML форматында түзүлгөн арызды жана сканерленген документтерди (келишим, эсеп-фактура, товарды коштоочу документтер ж.б.) жүктөгөндөн кийин “МСКга жөнөтүү” баскычын басуу керек.

“Арыздар журналы” өтмөгүнө өтүп, импорттоочу арыздын статусун көрүп, салык органынын чечимин электрондук түрдө ала алат.

Чечимдер электрондук түрдө импорттоочу берген арыздар боюнча 28-ноябрдан кийин берилет. Бул датага чейин берилген арыздар кагаз түрүндө берилет.

Связанный пост