Салык кызматы I кварталда планды ашыгы менен аткарып, санариптештирүүгө басым жасады
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, 2025-жылдын 1-кварталында 82 млрд 966,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган.
Пландык көрсөткүчтөр 5,3 млрд сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 17,5 млрд сомго көбөйгөн. Жалпы сумманын 63,8 млрд сомун салык жана жыйымдар, 19,1 млрд сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түздү.
“ЭТТКны жоюу жана салык төлөөчүлөргө берилген кошумча жеңилдиктер салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүнө таасирин тийгизет деген коомдогу шектенүүлөргө карабастан, коюлган пландык көрсөткүчтөрдү аткарып гана эмес, ашыра аткарууга жетиштик”, – деп белгиледи А.Шыкмаматов.
Ал белгилегендей, мындай көрсөткүч салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу мүмкүн болгон.
“Биз бизнести көмүскөдөн чыгаруунун үстүндө активдүү иштеп, экономиканын бардык секторлоруна талдоо жана мониторингди күчөттүк. Салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн оң натыйжасын өзүнчө белгилеп кетким келет — бул жөн гана долбоорлор эмес, натыйжа алып келүүчү реалдуу инструменттер”, – деп кошумчалады Салык кызматынын төрагасы.
Ошол эле учурда кызматтын жетекчиси айрым аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселелерге токтолуп, жеке жоопкерчиликтери тууралуу эскертти.
Атап айтканда, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү жана кыскартуу боюнча иштин натыйжалуулугунун жетишсиздиги, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн сапатынын төмөндүгү, ошондой эле, салыктык башкаруу маселелеринде жергиликтүү бийлик органдары жана башка мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнүн начардыгы белгиленди.
“Кайсы бир тапшырма боюнча төмөн жыйынтык көрсөткөндөргө, ошондой эле шалаакылык менен мамиле кылгандарга кызматтан бошотууга чейинки эң катуу чаралар көрүлөт”, – деди А.Шыкмаматов.
Ошондой эле коллегияда санариптик чечимдерди мындан ары киргизүү, салыктарды башкарууда аналитикалык мамилени күчөтүү жана салык кызматы менен салык төлөөчүлөрдүн, бизнес-коомчулуктун ортосунда ишенимди бекемдөө зарылдыгы баса белгиленди.
Сөзүн аяктап жатып, Салык кызматынын төрагасы кызматкерлерге аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди жана жетишилген жыйынтыктар — бул жалпы жамааттын сиңирген эмгеги экендигин баса белгиледи.
“Бирок алдыда дагы кыйла жумуштар турат. 2025-жыл салыктык башкаруудагы сапаттуу жылдардан болушу керек. Эгер биз биримдик, ынтымак менен, ачык-айкын жана таза иштесек, ийгиликке жете алабыз”, – деп жыйынтыктады ал.
Жыйынга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле аймактык салык органдарынын начальниктери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, карызды өндүрүү, ошондой эле салык системасын санариптештирүүгө жана реформалоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалы каралды.