Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

 Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматы менен Бажы кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди.

“Мен жакында эле Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бул чечимди кабыл алганыбызды билдирдим”, – деди Адылбек Касымалиев.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызматтардын штаттык саны жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калаарын баса белгиледи. Бирок, башкаруунун жаңы түзүмү натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат жана мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу боюнча реформанын маанилүү бөлүгү болуп калат.

«Бизде кошумча ыйгарым укуктар болбойт. Мурдагы ыйгарым укуктар, штаттык түзүм калат. Бул кадам чечимдерди тезирээк жана натыйжалуу кабыл алууга шарт түзөт, жоопкерчилигибизди дагы жогорулатат. Президенттин тапшырмасынын негизинде, мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан реформанын бир бөлүгү болуп саналат.

Эгерде, Салык кызматы Финансы министрлиги аркылуу түздөн түз эмес эмес, өз алдынча чечим кабыл ала турган болсо, иш ыргагы тездейт. Бул дагы так ошол реформаларга туура келет», — деп кошумчалады Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.

Связанный пост