Салык кызматы Аламүдүн базарынан 11,7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

 Салык кызматы Аламүдүн базарынан 11,7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салык кызматы Аламүдүн базарынан 11,7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын аймагынан тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.

Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Связанный пост