Салык кызматы акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны аныктады

 Салык кызматы акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 949 даана алкоголдук продукцияны аныкташты.

Тактап айтканда, рейддик салык контролунун жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы “Жаңы-Арык” ички салык постунда “Тойота” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 080 даана алкоголдук продукция табылган.

Мындан тышкары, посттун кызматкерлери башка “Тойота” үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда акциздик маркалары жок 720 даана арак продукциясын табышкан.

Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында шектүү акциздик маркалары менен 149 даана алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталган.

Транспорт каражаттары жана алынган алкоголдук ичимдиктер боюнча материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.

Связанный пост