Салык кызматы 9 айда 59,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

2025-жылдын 9 айында 59,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 5,4 млрд сомго көбөйгөн.
Белгиленгендей, Мамлекеттик салык кызматына 2019-жылдан бери камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы берилген. Ошол учурдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык түшүүлөрү туруктуу өсүүдө.
Алсак, 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрү 32,4 млрд сом, 2020-жылы — 33,1 млрд сом, 2021-жылы — 38,3 млрд сом, 2022-жылы — 51,7 млрд сом, 2023-жылы — 64,3 млрд сом, ал эми 2024-жылы—74,08 млрд сом чогултулган.