Салык кызматы 8 айда 243 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-август айларында 190 млрд 52,3 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту.
Белгиленген план 105,2% га, тактап айтканда 9 млрд 328 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 51 млрд 125,7 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 136,8% ды түздү.
Анын ичинде республикалык бюджетке 165 млрд 234,7 млн сом түшкөн.
План 104,6%га же 7 млрд 261,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47 млрд 500,3 млн сомго көп (өсүү темпи 140,3%).
Жергиликтүү бюджетке 24 млрд 817,6 млн сом жыйналган.
План 109,1% га же 2 млрд 66,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 3 млрд 625,4 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 117,1% ды түздү.
Ошондой эле, Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 1 млрд 259,4 млн сомго, тактап айтканда 102,4% га ашыгы менен аткарып, 52 млрд 999,4 млн сом чогулткан.
Бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-август айларында чогултулган суммадан 4 млрд 207,5 млн сомго көп, өсүү темпи 108,6%.
Ушул жылдын сегиз айында чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 243 млрд 51,7 млн сомду түздү.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 млрд 332,5 млн сомго көп.