Салык кызматы 7 айда 135,7 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, план 1,2 млрд сомго ашык аткарылды

 Салык кызматы 7 айда 135,7 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, план 1,2 млрд сомго ашык аткарылды

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-июль айларында 135 млрд 728,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган.

Чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп.

Чогулган каражаттардын ичинен 99 млрд 167,8 млн сом салык жана төлөмдөргө, ал эми 36 млрд 560,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

Белгилей кетсек, контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга оң таасирин тийгизүүдө.

Мындан тышкары, салыктык башкарууну күчөтүү, ошондой эле салык жол-жоболорун жакшыртуу аркылуу ушундай жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүн болду. Ошондой эле, экономиканын ар кандай тармактарын системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзүү – салык жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүүдө.

Связанный пост