Салык кызматы: 11 айда 21 млрд сом карыз өндүрүлдү
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу багытындагы иштердин алкагында бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түшүүлөрдү камсыз кылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында ишке ашты.
Мындан тышкары, 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.
Ошондой эле салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн-төлөө, башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системасын интеграциялоо, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү, жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү системасы сыяктуу санариптик куралдарды жана онлайн-кызматтарды киргизүү да олуттуу салым кошту.