Саламаттык сактоо тармагында кадр даярдоо тутуму өзгөрөт
Президент Садыр Жапаров “Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам президенттин 2025-жылдын 28-августундагы № 250 «Медицина тармагындагы адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо тутумун өркүндөтүү, аларды кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу, саламаттык сактоонун артыкчылыктуу маселелери боюнча комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүү уюмдарынын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында иштелип чыккан.
Ушул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү сунушталат:
– саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү мекемеси мамлекеттик билим берүү аккредитациясынан өтпөгөн учурда лицензияны жана (же) уруксатты токтотуу жөнүндө эрежени белгилөө бөлүгүнө “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;
– саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий иш-аракеттерди жүргүзгөн илимий уюмдардын укуктук статусун тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын “Илим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралган;
– Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын түшүнүктүк аппаратты “мамлекеттик аккредитация” жана “мамлекеттик франшиза” терминдери менен толуктоо каралган;
– “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдын кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарына билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия берүү, саламаттык сактоо жаатындагы илимий кадрларды даярдоо боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, жогоруда аталган жарлыктын жоболоруна ылайык бул жааттагы субъекттердин өз ара аракеттенүүсүнүн негиздери жагынан өзгөртүү киргизүү каралган.