Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде бир катар кемчиликтер аныкталды

 Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде бир катар кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук мекемелеринин 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карады.

Мекеменин маалыматына ылайык, министрликтин 2025-жылга такталган бюджети 41,7 млрд сомду түзүп, чыгашалар боюнча кассалык аткарылышы 39,4 млрд сом болгон.

Аудиттин жүрүшүндө каражаттарды пайдалануу негизинен мыйзам талаптарына ылайык экени белгиленгени менен, эмгек акы төлөө, курулуш иштерин каржылоо, бухгалтердик эсеп, бюджеттик каражаттарды пайдалануу жана башка багыттар боюнча бир катар кемчиликтер аныкталган.

Эсептөө палатасы аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, каражаттарды калыбына келтирүү жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча министрликке тапшырмаларды берди. Олуттуу бузуулар боюнча үч материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Связанный пост