“Салам-Алик” өспүрүм балдардын эс алуу лагери өз ишин баштады

Өзгөн районундагы “Салам-Алик” балдардын эс алуу лагеринин 27-сезонунун ачылышы болуп, балдардын эс алуусуна старт берилди.
Ачылуу салтанаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Э.Сатыбалдиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.Мирзакулов, тиешелүү райондук жетекчилер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Мырза-Акедеги М.Разаков атындагы жетим, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернатынын окуучулары, агай-эжекелери жана Салам-Алик айыл аймагынын тургундарынын катышуусунда өткөрүлүп, мектеп-интернаттын окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик-маданий программа менен коштолду.
Көп жылдан бери кароосуз калып, капиталдык оңдоодон өтпөй келген балдардын лагерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Э.Сатыбалдиев тарабынан ремонттон өткөрүү демилгеленип, кыска мөөнөттө тиешелүү оңдоп түзөө иштери бүткөрүлгөн. Ошондой эле, электр жарыгы тартылып, таза суу да тартылган.
Ачылуу салтанатында Э.Толтоев КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаевдин атынан балдарды жайкы эс алуу сезонунун ачылышы менен куттуктап, балдарга түзүлгөн шарттар үчүн демилгечилерге ыраазычылык билдирип, дайыма биз балдар менен бирге экендигибизди жана балдардын кең келечеги үчүн мамлекет болгон күч аракетин жумшай тургандыгын билдирип, Мырза-Акедеги М.Разаков атындагы жетим, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернатынын окуучуларына спорттук шаймандарды белекке тапшырды.
2023-жылы Ош облусунун аймагында балдардын жайкы эс алуусу үчүн Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Ош облустук башкармалыгы тарабынан “Чарбак”, “Ак-Терек”, “Жеткинчек”, “Чынгараев” жана “Көндүк” балдар лагерлеринде 3000 баланы эс алдыруу пландаштырылган.
Ал эми облустун аймагында 206 мектептин алдында эс алуу лагерлерин ачуу пландаштырылууда. Анын ичинде 116 мектепте “Окуу керемети” долбоору тарабынан, 30 мектеп МЕРСИКО уюму тарабынан, 60 мектеп ар кандай фондтордун, демөөрчүлөрдүн эсебинен каржылоо пландалган.

Связанный пост