Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Саха Республикасынын (Якутия, Россия Федерациясы) башчысы Айсен Николаев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуусу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышына катышуусу пландалууда.

Маалымат үчүн:

Саха Республикасы (Якутия) — Россия Федерациясынын аймагы боюнча эң ири субъектиси жана экономикалык, маданий жана жаратылыш жагынан эң маанилүү аймактардын бири. Кыргыз Республикасы менен Саха Республикасы (Якутия) көп жылдык салттуу байланыштарга ээ.

Связанный пост