СадырЖапаров «Борбор Азия – Европа бирлиги» саммитине катышуу үчүн Самарканддын конгресс-борборуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн,
4-апрелде, «Борбор Азия – Европа бирлиги» Биринчи саммитинин жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарынын (Өзбекстан Республикасы) конгресс-борборуна келди.

Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга киришти.

Связанный пост