Садыр Жапаровдун Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болду

Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

 

Мамлекет башчысынын кортежи Квиринале Сарайына келгенде Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын Президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды.

 

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди.

 

Андан соң Сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегацияларды тааныштыруу болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Связанный пост