Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Кытайдын төрагасына көңүл айтты

 Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Кытайдын төрагасына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

 

“Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адам каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

 

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.

 

Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын бөлүшөбүз”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост