Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы ИмангалиТасмагамбетовду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн,13-февралда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.
Аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчыга ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин
күзгү (2024-жыл) сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынынтөрагалыгы учурунда ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө
ашыруу боюнча Иш-чаралар планы тааныштырылды.
Бул контекстте Президент Кыргыз Республикасынын 2025-жылга
Төрагалык кылуу учурунда белгиленген артыкчылыктары жамааттык коопсуздуктутумун анын бардык базалык элементтеринде: саясий ишмердүүлүктү
координациялоодо, аскердик кызматташууда, трансулуттук чакырыктарга жанакоркунучтарга каршы турууда өркүндөтүүгө оң таасирин тийгизерине ишенимин билдирди.
ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз кезегиндеКыргызстандын жетекчилигине Уюмдун алкагындагы активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган демилгелер жамааттык коопсуздукту чыңдоогожана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун
арттырууга өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар ЖККУнун алкагындакызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыктарын билдиришип, аймактагы
туруктуулукту камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.