Садыр Жапаров жетекчилерди элди дүрбөтпөй, мамлекеттик мекемелердеги жарыкты үнөмдөөгө чакырды
Президент Садыр Жапаров жумуштун ыкчам болуусу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилерине вотсап аркылуу жалпы багыт, тапшырмаларды берет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бүгүн дагы жалпы жетекчилерге электр энергиясын үнөмдөө багыты боюнча тапшырмаларды берди.
“Мен аны өз баракчама дагы жайгаштырып коюну туура көрдүм. Текст өзгөртүүсүз:
Урматтуу жетекчилер!
Адылбек Алешович, министрлер, облустагы өкүлдөр жана жалпы жетекчилер!
Жарыкты үнөмдөө боюнча тапшырманы туура эмес түшүнүп жатасыңарбы билбейм. Айтор жеке жактардын, майда-чүйдө бизнестердин светтерине асылып баштабагыла. Элди дүрбөтүп аябай эле ажиотаж кылып жибердиңер.
Шайлоодо бир нерсе кылалы деген саботаж күчтөр барбы араңарда билбейм.
Андай күчтөр көчөдө толтура. Ошолордун чырагына май тамызып жатасыңар.
Тапшырманын эң негизги максаты биринчи кезекте өкмөттүк мекемелердин, айыл өкмөттөрдөн баштап “Ынтымак-Ордого” чейин светтерин кечки саат 18:00дөн кийин өчүрүп кетүү болчу.
Иштеп бүткөндөн кийин приборлорду, жарыкты өчүрүп коюшка көп деле күч кетпейт. Мындан тышкары, муктаждык жок учурда деле коридорлордун жарыгы күйүп турат экен, күндүзү дагы кабинеттердин светин жагып алып иштеп жаткандар бар!
Мына ошолорду көзөмөл кылып карагыла деп жатам. Жарыкты үнөмдөөнү биринчи өзүбүздөн баштайлы да!
Ар бир жетекчи өзүнүн карамагындагы мекеме-ишканаларды карап,
көзөмөл кылыңыздар. Айрыкча мектептер, окуу жайлар үнөмдөбөй жатышат.
Облустагы өкүлдөр акимдерди, акимдер айыл өкмөттөрдү, айыл өкмөттөр аймагыңардагы мектеп, бала-бакчаларды текшерип, күндө карап көзөмөл кылып туруңуздар! Кимдин аймагында өкмөттүк имараттардын свети күйүп турса, аны иштебей жатат деп билебиз. Иштебеген жетекчилердин жоопкерчилиги каралат.
Мамлекеттик мекеме ишканалардын имараттарында, “Ынтымак-Ордонун” өзүндө дагы үнөмдөйлү!
Жеке жактарга тийбегиле. Коркпогула энергия жетет. “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК министрлик менен кеңешпей туруп ызы-чуу кылып жиберди да”, – деп жазганын келтирген Орунбеков.