Садыр Жапаров жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Венгрия Элдик Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан бүгүн, 5-ноябрда, чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

 

Сүйлөшүүлөр башталаар алдында “Ынтымак Ордодо” кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

 

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектри, ошондой эле ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.

 

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин өткөрүү алдында турарын жана тарыхы бир, маданияты бир, түпкү тамыры бир түрк тилдүү мамлекеттери менен ар тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

 

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстан Венгрия менен өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген достук мамилелерин жогору бааларын баса белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелерин талкуулоого даярдыгын билдирди. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз-венгер достугунда жаңы баракчаны ачууга мезгил келгенине басым жасады.

 

Өз кезегинде Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда көптөгөн негизги багыттар боюнча жемиштүү кызматташтык бар экенин айтты.

 

Ал өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экенин белгилеп, соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, билим берүү жана маданият сыяктуу тармактарда эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды айта кетти.

Связанный пост