Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухито жана Императрица Масако менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Япониянын борбор шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Император Нарухито жана Императрица Масако менен жолугушту.
Император жана Императрица Кыргызстандын Президенти жана Биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришти.
Садыр Жапаров алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Императорго терең урмат-сыйын билдирип, «РЭЙВА» жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.
Андан кийин Президент Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына Император Нарухито менен Императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду.