Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы биринчи пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан БРИКСтин ишкердикти, санариптик жана экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү, климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча максаттарына кошулуп, бөлүшөрүн айтты. Ал белгилегендей, аталган принциптер Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына интеграцияланган туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына толугу менен дал келет.

Президент өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү темасы тоолуу өлкөлөр үчүн өзгөчө актуалдуу экенин, буга байланыштуу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” демилгелегенин баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн дагы бир демилгеси – БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын алкагындагы ар жылдык иш-чара катары тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы глобалдык диалогду бекемдөө жана Тоо өнөктөштүгүнүн Сүйлөшүү тобун түзүү белгиленди.

“Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти, дүйнөлүк экономиканын жыргалчылыктарына жана заманбап технологияларга жалпы жеткиликтүүлүктү жактайт. БРИКС трансчек аралык төлөмдөрүнүн альтернативдүү механизмдерин, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу, төлөм инфраструктурасын өркүндөтүү регионалдык жана глобалдык масштабда сооданын өсүшүнө жана натыйжалуулугуна өбөлгө түзөт деп ишенем”, – деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстан Жаңы өнүктүрүү банкы менен, өзгөчө БРИКС өлкөлөрүндөгү жана башка өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги инфраструктуралык долбоорлорду жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун каржылоонун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал жакырчылыкты жоюу, инфраструктураны өнүктүрүү жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатуу максатында банктын ролу өсөт деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы санариптештирүүнү, инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү жана “жашыл экономикага” өтүү боюнча өлкөнүн тажрыйбасын “аутрич/БРИКС плюс” форматынын кызыкдар катышуучулары менен бөлүшүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге салым кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен көп пландуу кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Связанный пост