Садыр Жапаров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат

 Садыр Жапаров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат

Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстандын Астана шаарына V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Кезектеги Оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт.

Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат”, – деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.

Связанный пост