Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарындагы ШКУ саммитинде сөз сүйлөдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү.
Жыйынга КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан, Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай форматтагы жолугушуу диалогдун маанилүүлүгүн жана өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык жана ишенимди өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууну өзгөчө баса көрсөтөрүн белгиледи.
Садыр Жапаров бүгүн кабыл алынып жаткан документтер, анын ичинде Тяньцзинь декларациясы жөнүндө айтып жатып, макулдашууларды ишке ашыруу Уюмдун көп пландуу ишмердүүлүгүн мындан ары активдештирүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
ШКУнун эл аралык аброюна басым жасап, Президент уюм көп тараптуу бирикме катары калыптанып, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу түрдө жактап жатканын айтты.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюлганы буга далил боло алат.
Садыр Жапаров эки документ тең ШКУнун негизги максаттарына – тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана аймакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өлкөлөрдүн кошкон маанилүү салымы экенин баса белгиледи.
«Бул чечимдер мамлекеттердин «Шанхай рухун» жетекчиликке алып, эң сезимтал маселелер боюнча да өз ара макул болгон чечимдерди таба аларын айкын көрсөттү, муну менен региондогу туруктуулукту, коңшулук мамилени жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү чыңдоого өбөлгө түзүлүүдө», – деди Мамлекет башчысы.
ШКУнун кадыр-баркынын жана жагымдуулугунун өсүп жатканы, ошондой эле бул философияны бөлүшкөн достук мамиледеги мамлекеттердин барган сайын Уюмга кошулууга көбүрөөк кызыкдар болуп жатканы менен да тастыкталат.
Президент Кыргызстан эртең ШКУга төртүнчү төрагалыгын баштай турганын жана уюмдун түптөлүшүнө салым кошкон мамлекет катары муну анын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, анын глобалдык ролун бекемдөө, ошондой эле достук жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары караарын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы “ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге” деген ураандын астында өтөрүн баса белгилеп, ошондой эле артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.
Биринчиси – узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы коркунучтар менен чакырыктарга каршы күрөшүүгө багытталган жамааттык аракеттерди күчөтүүнү улантат. Биринчи кезекте, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу жөнүндө сөз болуп жатат.
Бул контекстте Мамлекет башчысы кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкекте түзүлүп жаткан Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУ мейкиндигиндеги эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө жалпы ишке олуттуу салым кошоорун белгиледи.
Экинчиси – экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу. Бул маселеде Кыргызстан уюмдун натыйжалуу каржы механизмин түзүү маселесин тездетүүнү, анын ичинде аймактык экономикалык интеграцияга көмөктөшүү менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштайт.
«Кыргыз төрагалыгы ошондой эле эл аралык автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштайт, бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да карайт», – деп белгиледи Президент.
Ал ошондой эле санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи. Алдыдагы төрагалыгынын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУнун Жаштар санариптик форумун өткөрүүнү сунуштайт жана Уюмдун аймагында санариптик трансформацияга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз салымын кошууга даяр.
Мамлекет башчысы өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туш болуп жатканын, бул абстрактуу коркунуч эмес, реалдуулук экенин айтып, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттери глобалдык жылуулукту кармап турууда маанилүү ролду ойной турганын баса белгиледи.
«Буга байланыштуу биз ШКУга мүчө мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана «жашыл» экономика жаатында биргелешкен «жашыл» долбоорлорду көбөйтүү жана демилгелерди илгерилетүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү сунуштайбыз», – деди Садыр Жапаров.
Достукту бекемдөөгө жана элдердин жакындашуусуна ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык жана туристтик тармактардагы кызматташтык өбөлгө түзөт.
Президент кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилинде Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары ШКУнун туристтик жана маданий борбору болуп бекитилерин белгиледи. Анын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу жана азыркы замандын ойчулу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн юбилейлик Ысык-Көл “интеллектуалдык” форуму пландаштырылган.
Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстан өткөрүүнү пландаштырып жаткан кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз төрагалыгы жалпы максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн ШКУга мүчө бардык мамлекеттер, байкоочулар, диалог боюнча өнөктөштөр жана уюмдун туруктуу иштеген органдары менен активдүү иш алып барарын баса белгилеп, мамлекет башчыларын Бишкекте өтө турган ШКУнун кийинки саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын төрагалыгына ийгилик каалашты.