Нью-Йоркто Кыргызстан менен Тажикстандын Президенттеринин жолугушуусу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.