Садыр Жапаров Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышууда 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Ташкент шаарындагы конгресс-холлдо Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун ишине катышууда.

Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү аяктагандан кийин алар жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.

Связанный пост