Садыр Жапаров Такаити Санаэни Япониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

 Садыр Жапаров Такаити Санаэни Япониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Такаити Санаэни Япониянын Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады.

“Сизди Япониянын премьер-министри кызматына шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Бул жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышыңыз япон элинин сизге болгон терең ишеничин билдирет.

Сиздин бай кесиптик тажрыйбаңыз жана лидерлик сапаттарыңыз Япониянын мындан ары да туруктуу өнүгүшүнө жана эл аралык аренадагы кадыр-баркынын чыңдалышына чоң салым кошот деп ишенем.

Кыргыз Республикасы Япония менен достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бекемделип жатканын, айрыкча «Борборд Азия + Япония» форматындагы кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин өзгөчө белгилейм.

Эки тараптуу мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара урматтоонун жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуунун негизинде мындан ары да ийгиликтүү өнүгөт деп ишеним артам.

Улуу мартабалуу сизге чын ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост