Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Түркия Республикасынын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.