Садыр Жапаров Түркияда ийгиликке жеткен хоккейчилерге акчалай сыйлыктарды тапшырды
“Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр”, – деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын сыйлоо аземинде.
Мамлекет башчысы спортчуларды куттуктап жатып, үч жылдан бери талыкпай машыгып, максатына жетүү жолунда кыйынчылыктарды жеңген Кыргыз курама командасы Түркияда өткөн хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта тарыхый жеңишке жетишкенин белгиледи.
“Албетте, мындай жетишкендиктердин артында талыкпай машыгуу, келечектеги жеңиштерге болгон ишеним жана ар тараптуу колдоо турат. Силердин өжөрлүгүңөрдүн, талыкпаган эмгегиңердин жана командалык духтун аркасында Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын экинчи дивизионунун “Б” тайпасына чыкты”, – деп белгиледи президент.
Садыр Жапаров өткөн чемпионатта өзгөчө жетишкендиктерге жеткен айрым хоккейчилерге токтолду: мыкты чабуулчу деп табылган Исламбек Абдыраев, Кузьма Терентьев – мыкты коргоочу жана команданын капитаны Мамед Сейфулов – мелдеш учурунда эң көп упай топтогон оюнчу аталды, ал 18 шайба киргизип, Израиль спортчусунун буга чейинки көрсөткүчүнөн ашты.
Мамлекет башчысы ошондой эле 2022-жылы Бишкекте өткөн Дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунда улуттук курама төрт команданы жеңип, 1-орунду камсыз кылуу менен Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун “Б” тайпасына көтөрүлгөнүн эске салды. Бул жеңиштен кийин Мамлекет башчысы хоккейчилер менен жолугуп, жаңы жеңиштерге жана ийгиликтерге жетүү жолунда аларга колдоо көрсөтүүгө убада берген.
“Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр. Биз силердин жеңишке болгон эркиңерге, биримдигиңерге, Кыргызстандын желегине берилгендигиңерге суктанабыз”, – деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле Хоккей федерациясынын жетекчилигине, машыктыруучулар курамына, медицина кызматкерлерине жана техникалык кызматкерлерге – спортчулардын ийгилигинин артында тургандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Президент бүгүнкү күндө Кыргызстанда хоккей эң ыкчам өнүгүп жаткан жана ийгиликтүү командалык спорттун бири болуп калганын баса белгиледи.
“Алдыда дагы чоң жетишкендиктер турат. Биздин бүт өлкөбүз, өзгөчө күйөрмандарыңар силерди элиталык жогорку дивизиондун матчтарында көрүүнү кыялданат. 2026-жылы силер Болгариянын София шаарында өтө турган дүйнө чемпионатынын 2-дивизионунда Кыргызстандын намысын коргойсуңар. Өзүңөрдүн мыктылыгыңарды көрсөтүп, жеңишке жетип, артыңардан силердей хоккейчи болом деп келаткан миңдеген уландардын “бир кезде мен дагы Кыргыз туусун бийик көтөрөм!” деген ой-кыялын ишке ашырууга себепкер болгула!”, – деди мамлекет башчысы.
Соңунда президент Садыр Жапаров хоккейчилерге чың ден соолук, бекем эрк жана чексиз мекенчилдик каалап, мамлекет мындан ары да спортко, анын ичинде хоккейге колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи. Өлкөбүздүн спорттук инфразүмүн модернизациялоо жана келечекте чемпиондорду чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө болгон күч-аракет жумшалат.
Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы акчалай сертификаттарды тапшырды:
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчуларына – 600 миң сомдон, машыктыруучуларга – 800 миң сомдон, медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге – 200 миң сомдон.