Садыр Жапаров Түндүк Македониянын Президенти Гордана Силяновска-Давковага көңүл айтты

 Садыр Жапаров Түндүк Македониянын Президенти Гордана Силяновска-Давковага көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кочани шаарында болгон өрттөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түндүк Македония Республикасынын Президенти Гордана Силяновска-Давковага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2025-жылдын 15-мартынан 16-мартына караган түнү Түндүк Македония Республикасынын Кочани шаарында болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, Түндүк Македония Республикасынын элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост