Садыр Жапаров стадионго футбол боюнча улуттук кураманы колдоп барды

 Садыр Жапаров стадионго футбол боюнча улуттук кураманы колдоп барды

Садыр Жапаров Д. Өмүрзаков атындагы стадионго футбол боюнча улуттук курама команданы жеке өзү колдоп барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Мамлекет башчысы улуттук курама команданын оюндарына үзгүлтүксүз катышып, футболчуларга жана жалпы эле спорт тармагына колдоо көрсөтүп келет.

Бул иш-чара жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын курама командасы бүгүн Катар менен беттешет.

Матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүүдө.

Биздин команда өзүнүн жигердүүлүгү, дилгирлиги жана чеберчилиги менен мыкты натыйжаларды көрсөтөт деп үмүттөнөбүз”,-деп жазган ал.

Связанный пост