Садыр Жапаров: ШКУ – ири трансрегионалдык бирикмеге айланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин «ШКУ плюс» форматындагы жыйынында сөз сүйлөдү.
Саммиттин темасы – «Көп тараптуулукту жүзөгө ашыруу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү» деп аталды.
Президент өз сөзүндө Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылга жакын убакытта басып өткөн жолу бул биригүүнүн негизинде камтылган саясий даанышмандыкты жана принциптердин тууралыгын ынанымдуу түрдө тастыктаарын белгиледи.
«Уюм Евразия мейкиндигинде гана эмес, глобалдык деңгээлде да системалуу роль ойногон эң ири трансрегионалдык бирикмеге айланды.
Бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюму эл аралык тынчтыкка жана туруктуулукка берилгендиги менен белгилүү.
«Жыл сайын ШКУнун алкагында жаңы идеялар жана демилгелер пайда болууда; күн тартиби жаңы багыттар менен толукталып, бул бизге өз ара пайдалуу кызматташтыктын дараметин мындан ары да арттыруу үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле уюм мүчө мамлекеттерди үч жаман күчтүн – терроризм, сепаратизм жана экстремизмдин коркунучунан коргоо милдетин ийгиликтүү аткарып жатканын белгиледи.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы 2007-жылы кол коюлган Узак мөөнөттүү ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишим ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине өтүүсүнө негиз салганын баса белгиледи.
Бүгүнкү күндө биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдө сапаттуу секирик жасоого шарттар түзүлүүдө, ал кызматташтыктын өзөгүнө айланууга тийиш.
Садыр Жапаров “жашыл” энергетика жана санарип экономика сыяктуу багыттардын өзгөчө потенциалын белгиледи, ошол эле учурда кызматташуу илим жана инвестициядан баштап маданият, жаштар алмашуу жана саламаттыкты сактоо сыяктуу кеңири чөйрөнү камтыйт. Ал ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочулардын жана өнөктөштөрдүн экономикасынын динамикалуу өнүгүшүн эске алуу менен күч-аракеттерди айкалыштыруунун макулдашылган механизмдерин иштеп чыгуу маанилүү экенин белгиледи.
“Форматты “ШКУ плюс” деп кеңейтүү биздин Уюмга долбоорлордун масштабын жана каржылоосун көбөйтүүгө, ошондой эле көп сандагы өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясына көмөктөшүүгө, анын ичинде борбору Борбор Азияда жайгашкан эл аралык транспорттук тармакты түзүүгө жол ачат.
Ошентип, ШКУга мүчө мамлекеттердин долбоорлоруна байкоочу өлкөлөр жана диалог боюнча өнөктөштөр да, Уюмга кирбеген өлкөлөр да катыша алышат, бул Азия менен Европанын ортосундагы диалогго өбөлгө түзөт”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.