Садыр Жапаров Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа бирлиги» Биринчи саммитинде сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа бирлиги» Биринчи Саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Иш-чарага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Еврокомиссиянын Президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы жакын коңшулар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташтык аймактын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.

«2022-жылы биз Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны мыйзамдуу түрдө каттоо боюнча тарыхый келишимге кол койгонбуз. Эми кыргыз-тажик чек арасы толук макулдашылды.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун жакында Бишкекке болгон тарыхый иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек ара боюнча келишим түзүлүп, ал үстүбүздөгү жылдын 25-мартында ратификацияланды.

Бул маанилүү окуяны Кыргызстан менен Тажикстандын элдери да, жалпы эл аралык коомчулук да зор шыктануу менен кабыл алышты, бул өз ара ишенимге, урматтоого жана тынчтыкта жанаша жашоого умтулууга негизделген эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү жаңы этапты символдоштурду», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал биздин аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу чараларын бекемдөөнү улантуу менен 31-мартта Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болуп өткөнүн эске салды.

Иш-чаранын алкагында Үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Мамлекет башчысы Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын ишенимдүү өсүшүн канааттануу менен белгиледи.

«Акыркы төрт жылда Кыргызстандын Европа бирлигинин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге, анын ичинде импорт – 2,6 эсеге, экспорт – 1,5 эсеге өстү.

Мындай ийгиликтер рыноктордун ачыктыгынын жана «Преференциялардын жалпы системасы плюс» демилгесинин аркасында мүмкүн болду, ал Кыргызстандан чыккан товарлардын Европа бирлигине мүчө болгон 27 өлкөнүн рыногуна кирүүсүн камсыздайт», – деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы жана анын өсүп жаткан транзиттик дарамети соода жана инвестициялар үчүн кеңири перспективаларды ачаарына басым жасап, европалык бизнести бул долбоорлорго өз ара пайдалуу негизде активдүү катышууга чакырды.

«Биз европалык өнөктөштөргө Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан гидроэнергетика тармагындагы масштабдуу долбоорлорго кошулууну сунуштайбыз.

Камбар-Ата-1 ГЭСи флагмандык долбоору биздин пландарыбызда өзгөчө орунду ээлейт. Биз бул ири гидроэлектр станциясынын курулушун баштадык, анын долбоордук кубаттуулугу 1860 МВт жана жылына 5,6 миллиард кВт/саат иштеп чыгышы болжолдонууда.

Аталган долбоор коңшуларыбыз Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте ишке ашырылып жатат», – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле өз сөзүндө Кыргызстан Европа бирлиги менен кайра жаралуучу энергетика жана энергетикалык натыйжалуу технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

«Өткөн жылы биз 18 чакан гидроэлектр станцияны ишке киргиздик, ал эми үстүбүздөгү жылы дагы 15 мындай объектини куруп жатабыз. Буга катарлаш биз жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн энергиясы боюнча долбоорлорду ишке киргиздик.

Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында «жашыл» экономикага өтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – биздин туруктуу өнүгүүгө карай альтернативасыз жолубуз», – деди Садыр Жапаров.

Инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап транспорттук коридорлорду түзүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде Мамлекет башчысы Европа бирлигинин Борбор Азияда туруктуу транспорттук өз ара байланышты өнүктүрүүгө жалпы суммасы 10 млрд еврону түзгөн каражаттарды инвестициялоо демилгесин кубаттады.

«Кызматташтыктын дагы бир келечектүү багыты катары өтө маанилүү сырьелук материалдарды иштеп чыгуу саналат. Кыргызстан сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдардын олуттуу запастарына ээ. Буга чейин Европа бирлигинин жана биздин айрым коңшуларыбыздын (Казакстан, Өзбекстан) ортосунда ишке ашырылгандай өзүнчө өнөктөштүк же «жол картасы» түрүндө тариздөө менен бул багытта өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнү сунуштайбыз», – деп белгиледи Мамлекет башчы.

Соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа бирлиги менен аталган бардык багыттар боюнча өнөктөштүктү тереңдетүүгө багыт алганын баса белгилеп, бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия менен Европа бирлигинин ортосундагы алакаларга кошумча дем бере турган жаңы конкреттүү келишимдер келип чыгарына ишенимин билдирди.

Связанный пост