Садыр Жапаров Россия, Тажикстан, Казакстан Жана Өзбекстандын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду тереңдетүүгө жана иш жүзүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара умтулууну ырасташты. Лидерлер быйыл болгон өз ара мамлекеттик сапарлар маанилүү окуя болгонун жана кызматташуунун сапаттык жаңы баскычына өтүүнү, анын туруктуу жана узак мөөнөттүк өнүгүшү үчүн бекем негиз түптөлгөнүн белгилешти.
Ошондай эле Президент Садыр Жапаровдун Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады. Тараптар кыргыз-казак өз ара алакаларынын достук, коңшулаштык жана боордоштуктун тыгыз байланыштарына негизделген жогорку деңгээлин белгилешти. Лидерлер август айында Казакстандын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерде жаңы баракты ачканын баса белгилешип, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары да тереңдетүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.
Андан сырткары Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Президент Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мындан аркы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров өз кезегинде өзбекстандык кесиптешине жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ынак коңшулаштык, достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине негизделген кыргыз-өзбек көп пландуу мамилелери эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, чыңдала берерине ишеним билдирди. Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Ошондай эле Президент Садыр Жапаровдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Андан ары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары өлкөлөр ортосундагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу бекем мамилелерин белгилешти. Кыргыз-орус мамилелери үчүн Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон сапары негизги окуялардын бири болуп калды. Бул сапар эки тараптуу күн тартибинин бардык спектри боюнча стратегиялык өнөктөштүккө кошумча түрткү берип, анын тереңдетилген кызматташтык деңгээлине өтүшүнө өбөлгө түзүп, абдан жемиштүү болду. Лидерлер алдыдагы жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө кызмат кыларына ишеним билдиришти.