Садыр Жапаров Нью-Йоркто Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен жолугушту

 Садыр Жапаров Нью-Йоркто Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен кыска жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз-австриялык кызматташтыктын экономика, инвестиция, экология жана туризмди камтыган маселелери талкууланды.

Диалогду бекемдөөгө жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык белгиленди.

Связанный пост