Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата
өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар инсандарга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Салтанаттуу иш-чарага искусство ишмерлери, мугалимдер, жазуучулар, инженерлер, экономисттер, юристтер, жаңы заманбап өндүрүштөрдүн адистери жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан башка инсандар катышты.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бүгүн сыйлык алып жаткан замандаштарыбыз – бабаларыбыз түптөгөн эгемен Кыргызстанды андан ары өнүктүрүүгө ар тараптан салым кошуп келаткан атуулдар деп баса белгиледи.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров тарыхтын тамырын тартып, жамы журтка белгилүү мамлекет түптөгөн аталарыбыздын каармандыгы тууралуу кепти эмнеге кайра-кайра козгоп жатканына токтолуп, азыркы Эгемен Кыргызстан ошол аталардын кажыбас кайраты, майтарылгыс эрки менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан башат алганын айтып өттү.

Связанный пост