Садыр Жапаров Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Бүгүн, 2-сентябрда, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында анын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектрин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары кеңири талкууланды. Саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, лидерлер виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыктын келечегин карап чыгып, эки өлкө элдеринин мындан аркы жакындашуусу үчүн маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.
Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын баса белгилеп, өлкөнүн эл аралык процесстердеги ролу улам өсүп жатканын айтты.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий мүнөздөгү чечилбеген маселелердин толук жок экенин канааттануу менен белгилеп, акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги саясий диалог өзгөчө активдүү жана ырааттуу мүнөзгө ээ болгонун баса белгиледи.
Ушуга байланыштуу ал 2025-жылдын декабрь айында Исламабадда өткөн мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өзгөчө жылуу маанайда эстеп, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июль айында Пакистандын Президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга жасаган ийгиликтүү расмий сапарын белгиледи. Бул сапар акыркы 20 жыл ичинде мынчалык жогорку деңгээлдеги биринчи визит болуп калды. Президент Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин учурдагы расмий сапарын бул интенсивдүү өз ара аракеттенүүнүн логикалык уландысы деп атады.
Мамилелердин азыркы этабын “жогорку саясий диалогдон – практикалык өнөктөштүккө өтүү этабы» катары мүнөздөп, Президент Садыр Жапаров соода, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана виртуалдык активдер чөйрөлөрүндө эки тараптуу документтердин бүтүндөй пакетине кол коюлганына көңүл бурду.
Өз кезегинде Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусу үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, Исламабад Бишкек менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Ал Садыр Жапаровдун даанышман жетекчилигинин жана Кыргызстандын элинин эмгекчилдигинин аркасында ушунчалык кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстан өзгөргөнүн айтты. Мухаммад Шахбаз Шариф ошондой эле Мамлекет башчысын жана Кыргызстандын элин өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы, ошондой эле ШКУ саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен куттуктады.
Мухаммад Шахбаз Шариф кол коюлган бардык келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча жигердүү биргелешкен иш алып барууга даяр экенин ырастап, динамикалуу саясий диалог соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү үчүн ишенимдүү пайдубал түзөрүнө токтолду.
Ушул өңүттө ал жакынкы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнү 200 млн долларга чейин көбөйтүү максатын белгилеп, транзиттик коридорлорду өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.
Мухаммад Шахбаз Шариф Пакистан өз тарабынан Кыргызстанга өзүнүн портторуна, анын ичинде Карачи жана Гвадар портторуна транспорттук жолдорду ачуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатканын айтты.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүнкү мазмундуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы достуктун, өз ара ишенимдин жана түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлин ачык тастыктаганын белгилешти. Алар расмий сапардын жыйынтыктары кыргыз-пакистан кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын так аныктап, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү конкреттүү долбоорлор жана жаңы демилгелер менен толуктоо үчүн бекем негиз түзгөнүнө ишеним билдиришти.