Садыр Жапаров Мирзиёевди Өзбекстанда ЮНЕСКОнун сессиясынын өтүшү менен куттуктады
 
			
    Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана бир тууган Өзбекстан элине ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.
“Урматтуу Шавкат Миромонович!
Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана бир тууган Өзбекстан элин ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Борбор Азия үчүн тарыхый болуп калган жана кырк жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасынан тыш жакта өтүп жаткан бул маанилүү иш-чара Өзбекстан Республикасынын жогорку эл аралык кадыр-баркынын, ошондой эле бүтүндөй Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк аренада маданий, руханий жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү борбору катары таанылып жаткандыгынын ачык далили болуп саналат.
Илимдин, билим берүүнүн жана руханияттын бешиги болгон байыркы Самарканд шаарында мындай абройлуу форумду өткөрүү конференцияга өзгөчө символикалык маани берет. Бул Өзбекстандын цивилизациялардын ортосундагы көпүрө жана тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана чыгармачылык идеяларынын тартылуу борбору катары ролун баса белгилейт.
“Конференциянын жүрүшүндө сунушталган чечимдер жана демилгелер билим берүү, илим жана маданият жаатында кызматташуу үчүн жаңы горизонтторду ачып, эл ортосундагы достукту чыңдоо максатына кызмат кылып, аймагыбыздын мындан ары гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем.
Мен боордош өзбек элине бул ири жана маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүнү, жемиштүү талкууларды, конструктивдүү чечимдерди жана шыктандыруучу натыйжаларды чын жүрөктөн каалайм”, – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
 
								 
                                     
                                    