Садыр Жапаров минкаб мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Бүгүн, 18-июнда президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Төмөнкүлөр ант беришти:

— саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;

—архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;

— маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;

— санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;

— агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;

— илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;

— коргоо министри Руслан Мукамбетов.

Андан соң президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын бакубаттуулугуна, гүлдөп-өсүшүнө жана стабилдүүлүгүнө багытталган демилгелерди колдоп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы учурда эл аралык абал мурда болуп көрбөгөндөй курчуп, дүйнөлүк кырдаал абдан татаалдашып жатканын өзгөчө белгиледи.

“Дүйнөдө болуп жаткан окуялар, геосаясий чыңалуулар алыс-жакын дебей бардык мамлекеттерге өз таасирин тийгизип, социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жаратып жатканын көрүп турасыздар. Улуттук ынтымакты ыйык тутуу маселеси биринчи орунга чыккан ушундай кооптуу жагдайда баарыбыз эң алды менен ынтымакта иш алып баруубуз зарыл”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал кошумчалагандай, бардык бийлик бутактарынын биримдигинин аркасында коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелер, анын ичинде чек араларды аныктоо маселеси тез арада жөнгө салынды.

“Эгерде депутаттардын көпчүлүгү ошол маалда ач кыйкырык жасагандарды, митинг уюштургандарды, жалган маалыматтарды таратып, элдин башын айландыргандарды ээрчип кеткенде курчуп турган абал Кыргызстанда эле эмес, азыр чатак болуп аткан өлкөлөрдөй эле Борбор Азия дагы таптакыр башка нукка бурулуп кетмек. Ошондо абалды болтурбоодо сиздердин акыл калчап, жети өлчөп – бир кесип чечим кабыл алган сабырдуу депутаттардын эмгегиңиздер зор болду”, – деп белгиледи президент.

Жаңы дайындалган министрлерге кайрылып, мамлекет башчысы алар ийгиликтүү иштер менен катар, эл тарабынан да, депутаттар тарабынан да көптөн бери айтылып келе жаткан көптөгөн чечилбеген маселелер үчүн жооптуу экенин белгиледи. Ал ар бир дайындоо изги тилекке, күтүүлөргө жана аларга ишенип берилген багыттарды өнүктүрөт деген ишенимге негизделгенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров министрлер ант берүү менен элге кызмат кылуу, мыйзамдарды так сактоо жоопкерчилигин өздөрүнө алаарын эске салып, мыйзам бузуулар орун алса, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде чара көрүлөрүн баса көрсөттү.

Связанный пост