Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

 Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 17-майда президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даярдыктарын ырастап, эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилешти.

Связанный пост