Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Президенти телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.