Садыр Жапаров Мединадагы Пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту 

Президент Садыр Жапаров Медина шаарындагы (Сауд Арабиясы) Пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту.

Диний билим берүү жана руханий байланыштарды чыңдоо жаатында кызматташуунун келечеги менен кошо маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сауд Арабиясынын кыргыз жарандарына, анын ичинде зыяратчыларга жана эмгек мигранттарына жасаган меймандос мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ар бир мусулман үчүн Мекке жана Медина шаарларынын ыйыктыгын баса белгилеп, Кыргызстандан жылына Мекке, Медина шаарларына ажылык зыяратына 6000 киши барса, 50 000 киши умра сапарына барып жатканын айтты.

Садыр Жапаров шейх Салих бин Мухаммад Аль-Будейрдин Мединадагы Пайгамбарыбыздын мечитинде имам катары 27 жылдык кызматын белгилеп, диний агартууга кошкон салымын жогору бааларын айтып өттү.

Президент имамдын сапары кыргыз аалымдарына, дин кызматкерлерине пайдалуу болоруна жана алар анын тажрыйбасынан баалуу билим ала аларына ишеним билдирди.

Салах бин Мухаммад Аль-Будейр өз кезегинде Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль-Сауддун жана мураскор ханзаада, Сауд Арабиясынын Министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммад бин Салман Аль-Сауддун атынан саламдарын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтык стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, дин жана кайрымдуулук долбоорлору жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу тереңдетүүгө багытталганын белгиледи.

Аягында Салах бин Мухаммад Аль-Будейр тажрыйба алмашуунун жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын сапары келечектеги биргелешкен долбоорлор жана демилгелер үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Связанный пост